Мирлан Жеенчороев: “Биз бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”

Мирлан Жеенчороев: “Биз бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”

“Биз бийликке эмес, элге кызмат кылабыз”. Мындай пикирин “Альянс” саясий партиясынын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев Ош шаарынын эли менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Айтымында, эл адилеттүүлүккө, чындыкка суусап турганда алтынчы чакырылыштын көпчүлүк депутаттары калк ишенимин актай алган жок. Жогорку Кеңештеги элдин өкүлү катары шайлоочулардын мүдөөсүн аткара албады.

“Алар жеке кызыкчылыгы, бизнеси үчүн үн катпай бийликке кошомат кылышты. Чыркыраган чындыкты айтып 15 чакты гана депутат эл тарапта болдук. Бул жолу туура тандоо жасашыбыз керек”,- деди Жээнчороев.

Талапкер шайтан оюндардын бары шайлоодо башталаарын айтып, тарыхты эске салды.

“Кыргызстанда бир дагы шайлоонун аягы жакшы бүткөн эмес. 2020-жылы добуш берүү бурмаланды. Эбегейсиз административдик ресурс колдонулуп, силердин чөнтөктөн уурдалган акчаларды кайра өзүңөргө таратышты. Жыйынтыгында Президент отставкага кетти. Мына ошол окуялардан кийин биз биригүүнү чечтик”,- деди ал.

Жеенчороев алдыдагы шайлоо жаңы бийлик үчүн чоң сыноо экенин айтты. Эгер бул жолу дагы мыйзам бузуулар менен коштолсо, жыйынтыгын эл тааныбай коюшу ыктымал. Таза шайлоо өткөргөндө гана чыныгы элдик бийлик келет.

АЛЬЯНС — 3 ☑ — БИР КҮЧ!
Мирлан Жеенчороев – 1 ☑

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>