Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев “Альянс” саясий партиясынын теңтөрагасы болуп шайланышты

Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев “Альянс” саясий партиясынын теңтөрагасы болуп шайланышты

Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев “Альянс” саясий партиясынын теңтөрагасы болуп шайланышты. Мындай чечим партиянын бүгүнкү съездинде кабыл алынды.

Өз сөзүндө  Мирлан Жеенчороев бир жыл мурунку октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодогу одоно мыйзам бузууларды эске салып, бул сапар шайлоо таза, коркутуп-үркүтүүсү жок өтүшү керек экендигин баса белгиледи.

“Бир жыл аралыгында биз кандай гана сыноолорду баштан өткөргөн жокпуз. Саясий, экономикалык кризиске өзүбүз күбө болуп отурабыз. Бүгүнкү шайлоо кыргыз эли үчүн, келечеги үчүн чоң сыноо болуп турат. Эгерде  шайлоо бул сапар дагы таза өтпөсө, кимдир бирөө  тарабынан мажбурлоо болсо, өзүнүн бийлигине таянып,  уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин колдоном дегендер болсо, бул кыргыздын тарыхына, өнүгүүсүнө, келечегине балта чапкандык.  Биздин команда, биздин “Альянс” буга карама-каршы. Биз экономикалык секирикти, мыйзамдуулукту бекем кармаган, күчтүү мамлекетти түзө тураган, билимдүү, сапаттуу команданы топтоп алдыга бара жатабыз”,- деди Жээнчороев.

Теңтөрага Жанар Акаев “Альянс” партиясынын өзгөчөлүктөрүн атап, анын курамындагы талапкерлердин буга чейин жасаган иштерине кеңири токтолду.

“Туура бир жыл мурун Кыргызстанда олку-солку абал болгон. Ошондо “Эмне кылабыз? Мындан аркы абалыбыз кандай болот” — деп өлкөнүн келечегине бушайман болуп, резиденцияда чогулганбыз. Ал тургай эки чылбыр, бир тизгинди бир колго алган бийлик башчысынын көзүнө тик карап, “Эгер туура жолдо иштесеңер, биз колдойбуз. Кемчилик болсо айтып турабыз”, — деген элем. Ошол бойдон туруктуулукту сактап, принциптерибиз, баалуулуктарыбыз өзгөргөн жок.  “Альянстын” айырмасы — бийликке кемчиликтерин айтып турабыз. Акыйкатты сүйлөп, аны менен кошо сунуш да беребиз. Акты ак, караны кара дейбиз. Биздин курам табигый жол менен ийленип, такшалып топтолдук. Башка саясий кыймылдардай жасалма эмеспиз. Буга чейин ар башка партияларда жүрсөк дагы, санаалаш, пикирлеш, идеялаш болуп келдик. Жаңы түзүлгөн “Альянска” принциптеринен тайбагандар чогулду”, — деди Акаев.

Айтымында, команда менен саясий жарышка шайлоо системасынын өзөгүн өзгөртүүгө чоң салым кошкондор, жаңы режимдин авторлору бара жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>