Митингде каза болгон адам 19 жаштагы Лейлек районунун тургуну болгон

Митингде каза болгон адам 19 жаштагы Лейлек районунун тургуну болгон

6-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” аянтындагы митинг учурунда каза болгон адам 19 жаштагы Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну болгон.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматына караганда маркумдун эки бутун жардыргыч зат жулуп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, митинг учурунда жалпы 590 киши ар түрдүү жаракат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилген. Ал эми 150 киши ар түрдүү жаракат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>