МК: «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу биргелешип курулат жана тажик тарап аны пайдаланат

МК: «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу биргелешип курулат жана тажик тарап аны пайдаланат

Министирлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Ага ылайык, 1-майда Баткен облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышкан. Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши зарыл экендиги айтылган.

Тараптар 2-майга чейин аскер түзүмдөрүн жана аскер техникасын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык тилкесинен туруктуу жайгашкан ордуна толугу менен кайтарууну ишке ашырууну макулдашкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алышуу орун алган.

Топографиялык жумушчу топторго жакын арада Мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилген.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин жана № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесиндеги долбоордук сызыгын жазууга 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтерин жана материалдарын пайдаланууну макулдашкан.

Тараптар топографиялык жумушчу топторго кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын жогоруда көрсөтүлгөн тилкелеринин долбоордук сызыгын 5-9-май аралыгында жазып чыгуусун тапшырган.

Буга катар Тараптардын жумушчу топтору 17-майга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай жана Лейлек районунун Максат, Кулунду калктуу пункттарында, ошондой эле Тажикстандын Согдий облусунун Исфара шаарынын Чоркух, Сомониён, Ходжаев Аъло, Гафуров районунун Овчи Калача Бабаджан тилкелеринде топографиялык иштерди жүргүзүүгө жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын  жазууга киришет.

Тараптар макулдашкандай, делимитация, демаркация жана кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө процесси жыйынтыкталганга чейин жарандардын тоскоолдуксуз кыймылы, Тажикстандын транспорттук каражаттары жана жүктөрүнүн өтүүсү үчүн Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабын айланта «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу биргелешип курулат жана тажик тарап аны пайдаланат. Аталган автожолдун статусу эки өлкөнүн өз алдынча мамлекеттик келишимдери менен аныкталат.

Тараптар көрсөтүлгөн автожолдун курулушу тууралуу макулдашууга келди жана топографиялык жумушчу топторго долбоордук уюмдар менен биргеликте 1-июнга чейин Баткен районунун иш жүзүндө пайдалануучу жерлеринде аталган тилкесинде талаа-изилдөө жумуштарын жүргүзүүсү тапшырылган.

Тараптар Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло – Ворух» автомобиль жолунун курулушу жыйынтыкталган соң Ворух тилкесинде кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын өтүүсүнүн долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашышкан.

Тараптар бир тууган элдердин байыркы тарыхына таянуу менен бардык чек ара маселелерин өз-ара ишеним жана өз-ара түшүнүшүү негизинде чечүүгө даярдыгы тууралуу билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>