Москва: Поездге боюн таштаган жаран боюнча элчилик үн катты

Москва: Поездге боюн таштаган жаран боюнча элчилик үн катты

Элчилик 2021-жылдын 7-декабрында Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына таштаган жаран менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатат. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда 22 жаштагы кыргызстандык «Н. уулу С.», Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда.

Элчиликтин кызматкери ооруканага жөнөтүлдү. Ага керектүү жардам көрсөтүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>