Москвада ишембиде митингде кармалгандар соттолууда

Москвада ишембиде митингде кармалгандар соттолууда

Москвада шаардык кеңешти шайлоого көз карандысыз талапкерлерди катыштыруу талабы менен ишемби күнү өткөн митингде кармалган адамдар соттолууда.

«ОВД-Инфо» укук коргоо порталы отурумдар ушул жумада Москвадагы 22 сотто өтүп, аларга дээрлик 70 полиция бөлүмүнөн адамдар жеткириле турганын кабарланды.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, акция маалында 1373 адам кармалып, 150дөн ашыгы эки сутка полиция бөлүмдөрүндө кармалып турушкан. Алардын бирине полиция кызматкерине кол салуу боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүндүгү кабарланууда.

Күбөлөрдүн айтымында, кармалгандардын арасында мэриянын алдындагы митингге катышуу ниети жок, жөн гана көчөдө өтүп бараткан адамдар дагы бар. Укук коргоо органдары митингди таратуу маалында катышуучуларга карата күч колдонуп, жыйынтыгында 70тен ашык адам жаракат алган.

Европа биримдиги менен эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Москванын борборундагы акцияда адамдардын жапырт кармалышын айыпташты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>