Москвада курулушта иштеген кыргыз жараны көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду

Москвада курулушта иштеген кыргыз жараны  көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду

Москвада курулушта иштеп жатып көп кабаттуу имараттан кулап түшкөн 23 жаштагы кыргыз жараны ооруканада каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” коомунун өкүлү Улан Кошматов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, маркум 19 -сентябрь күнү жетинчи кабатта иштеп жаткан учурда жип үзүлүп кулап түшкөн.  Ал дароо “Тез жардам” кызматы  менен ооруканага жеткизилген. Бирок бейтап алган оор жаракатынан улам 21 сентябрда көз жумган.

Маркум Замирбек Уулу Бектемирдин сөөгү 24 — сентябрда Москва-Ош багыты боюнча мекенине жиберилген.

Ал Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>