Москвадагы жол кырсыгына такси айдаган 22 жаштагы кыргыз жараны айыпталып, камакка алынды

Москвадагы жол кырсыгына такси айдаган 22 жаштагы кыргыз жараны айыпталып, камакка алынды

Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, такси айдаган 22 жаштагы кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик мааклымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июлда болгон. Анда Москвадагы Фрунзе набережныйда мотоцикл менен такси унаасы кагышып, экоо тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кыргызстандык жигит жеңил жаракат алганы айтылууда. 

Ал эми кыргызстандык таксистти 9-июлда Таган райондук соту эки айга камакка алганы кабарланды. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Каза болгон бала колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени аныкталган. 

Сүрөттө мотоциклда келе жаткан миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>