Муфтий: Чагымчылдыкка алдырбайлы, караңгы күчтөрдүн жетегине түшпөйлү, — видео

Муфтий: Чагымчылдыкка алдырбайлы, караңгы күчтөрдүн жетегине түшпөйлү, — видео

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин  Башкармалыгы  бардык жарандарды тартипти сактоого чакырат.

Элге кайрылуу жасаган Муфтий Максатбек ажы Токтомушев сабырдуулукка, биримдикке  чакырды.

“Биз сиздердин ар бириңиздерге кайрылабыз жана   сөздөрдү   баарыңар угат деп  үмүттөнөбүз. Азыркы учурда   кырдаалды турукташтыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүбүз  зарыл. Бардыгынан сабырдуулукту жана өз жарандарына жана бир туугандарына урмат көрсөтүүнү, жакындарыбыздын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоого жана коргоого чакырабыз.   Чагымчылдыкка алдырбоо, толук кыйроо жолу менен баруучу  караңгы күчтөрдүн жетегине түшпөө керектигин эскертебиз”, — деп айтылат Кыргызстан Мусулмандарынын Дин  Башкармалыгынын маалыматында

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>