Муфтий стационарда каза болгон ыктыярчы кыздын үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөттү

Муфтий стационарда каза болгон ыктыярчы кыздын үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөттү

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев    стационарда ыктыярчы-медик болуп жүрүп, илдеттен каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, куран окуду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Азирети Муфтий маркумдун жакындарына көңүл айтып, ал мекен жана эл үчүн каза болгонун белгилеп, анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырды. Ошондой эле Максат ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте Адинай Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Алла Тааладан жакшы тилек, жакшы үмүт кылыңыздар. Алла Таала ыйык Курандын «Анфал» сүрөсүнүн 46-аятында: “Сабырдуу болгула. Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге”— деп айткан. Ыймандуулардын бардыгы бейиште жолугат. Жашоо ушундай тура, Алла Таала берип дагы, алып дагы сынайт.  Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы,  бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолуктарына карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык»,-деген Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий учурда өлкө боюнча мекенибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн түлөөлөр өткөрүлүп, Куран хатым кылынып жаткандыгын айтып, мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин саламаттыгы, ооруп жаткандардын тез арада айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды.

Эске сала кетсек, Адинай Мурзабекова 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы КММА студенти болчу.

[su_image_carousel source=»media: 35405,35404,35403,35402,35406″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>