Site icon Reporter.kg

Муфтият: Аль-Акса мечитиндеги окуя мусулмандарга болгон кысым жана адам укугун бузуу

Муфтият Кудстагы (Иерусалим) Аль-Акса мечитиндеги кол салууну айыптап, мусулмандарга болгон кысым жана адам укугун бузуу деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттан билдиришкендей, Кудстагы Аль-Акса мечитиндеги мусулмандарга кол салууну айыптап, бул окуя мусулман калкы үчүн оор сокку болуп, жарандардын ыйык сезимдерин кордоо, мусулмандарга болгон кысым жана адам укугун бузуу деп эсептейт.

“Анткени Кудстагы Аль-Акса мечити эң биринчи кыбыла жана Медина менен  Меккеден кийинки Исламдын үчүнчү ыйык жайы. Рамазан айында Аль-Акса мечитинин аймагындагы намазга катышууга тоскоолдук кылуу — бул Алла Таалага акарат келтирүү.

Жараткан Алла Таала баарыбыздын ыйык Рамазан айында үмүт-тилегибизди, дубаларыбызды кабыл кылып, бүткүл ааламга тынчтык берсин! Дүйнө жүзүндө дайыма тынчтык болуп, улуттар арасындагы биримдик менен ынтымак кетпесин! Жалпы мусулман үммөтүнө бекем ден соолук, мол ырыскы, тунук ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайбыз!”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 22-апрель күнү кечинде Иерусалимде полиция жергиликтүү мусулмандарга мечиттерде ибадат кылууга тосколдук жаратып, натыйжада тартип сакчылары менен менен жаштар кагылышып, 105 адамды  жаракат алган.

Израиль полициясы мусулмандарды Аль-Акса мечитинде ибадат кылууга тосколдук жаратып, натыйжада 10-майдан бери Газа секторундагы Хамас кыймылы менен Израил бири-бирине ракеталарды жолдоодо.

Exit mobile version