Муфтият: Мечиттер жабылбайт, жума намазы убактылуу токтотулду

Муфтият: Мечиттер жабылбайт, жума намазы убактылуу токтотулду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) коронавирус илдети кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жума намазын окууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы маалымат таратып, мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алганын маалымдайт.

Бирок жума намазы токтотулганы менен, мечиттер жабылбай тургандыгы айтылат.

“Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча  окулсун. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат”, – деп айталат   муфтияттын маалыматында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>