Мухаммедкалый Абылгазиев абакта дагы эки айга калтырылды

Мухаммедкалый Абылгазиев абакта дагы эки айга калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 21-майдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев абакта дагы 2 айга калтырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абылгазиевдин УКМКнын тергөө абагында камакка калтыруу түрүндөгү баш коргоо чарасы 26-июлга чейин узартылды.

  • Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.
  • Абылгазиев сот чечими менен УКМКнын СИЗОсунда 26-майга чейин камакка алынган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>