Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна келди

Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна келди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан Кыргызстандын  сегиз жаараны жабыркаганын билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматы бир аскер кызматкерине ок тийип каза болгонун маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>