Молдомуса Конгантиевдин жубайы көз жумду

Молдомуса Конгантиевдин жубайы көз жумду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Молдомуса Конгантиевдин өмүрлүк жары Базаркуль Нурбаева каза болгон.

«Бул жоготууга байланыштуу Ички иштер министрлигинин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин өмүрлүк жары Базаркуль Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат ИИМдин маалыматында. 

Белгилей кетсек, Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>