Музыкалык мектептер үчүн видео сабактар жана китептер басылып чыкты

Музыкалык мектептер үчүн видео сабактар жана китептер басылып чыкты

Китептер жана видео сабактар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине  карашуу балдардын музыкалык, искусство мектептери үчүн  басылган.

Китептерди жана видео сабактарды басып чыгаруу демилгеси  “Устатшакирт плюс” коомдук фонду тарабынан жүргүзүлүп, Кристенсен фондунун (Калифорния АКШ) каржылоосу  менен кайтарымсыз чыгарылган.

Эске салсак, “Устатшакирт плюс” фонду  Министрликке караштуу балдардын музыкалык жана  искусство мектептери менен тыгыз байланышта болуп , буга чейин да көптөгөн китептерди берип келет.

Басылган китептер жана видео мектеп СД дисктер:

1.Б.Марипованын “Музыканын башталгыч теориясы”

2.Т.Осмонованын “Кыргыз салттуу үйлөмө аспаптары үчүн хрестоматия”

3.Видео мектеп СД диск “Темир ооз комуз үйрөнүү”

4.Видео мектеп СД диск “ жыгач ооз комуз үйрөнүү”

5.Видео мектеп СД диск “Сыбызгы үйрөнүү”

6.Видео мектеп СД диск “ Чоор үйрөнүү” .

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>