Мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды

Мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды

Таластагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 тоннага жакын күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан 27 жана 57 жаштагы Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстандан келе жаткан  “Мерседес”  жана “MAN” үлгүсүндөгү оор жу ташуучу унаалар чек арачылар тарабынан токтотулган.  Унааларды текшерүүгө алганда, тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок 800 литрден ашык күйүүчү май табылган.

Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>