Ымыркай каза болду. Ысык-Көлдө жаш кыз төрөп, баланын киндигин өзү кескен

Ымыркай каза болду. Ысык-Көлдө жаш кыз төрөп, баланын киндигин өзү кескен

Каракол шаардык соту “инсанга каршы этиятсыздыктан кылмыш кылган” 21 жаштагы кызга карата өз өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу 2020-жылдын июль айынын ортолорунда тест аркылуу боюнда бар экенин билип, ноябрдан баштап ичи чоңоюп баштаганына карабастан, боюнда бардыгын жашыруу максатында медициналык жайларга кайрылып каттооодон өткөн эмес. Ушул жылдын 7-январында болжол менен 23:00 чамасында толгоосу кармап, тез жардам менен Ысык-Көл облустук төрөт үйүнө барган. Ал жактан өзү үйдөн төрөгөнгө мүмкүнчүлүк жок экенин, медициналык жардам аркылуу төрөш керек экенин билип туруп дарыгерлер операцияда жүргөн учурда үйүнө кетип калган. 8–январда саат болжол менен 02:30 чамасында медициналык жардам чакырбай үйүндө көз жарып, ымыркайдын киндигин бычак менен кесип, этиятсыздыктан ымыркай баланы өлүмгө дуушар кылган.

Айыпталуучу сотто киндик кескенди интернеттен үйрөнгөнүн билдирген.

Сот аны күнөөлү деп табылып 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыраткан. Ошол эле учурда 83-беренесинин негизинде дайындалган жазадан бошотулуп, ага карата 1 жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөл дайындалсын деп өкүм чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>