Нарын: Мамкызматкер бөлмөсүнөн сабалды

Нарын: Мамкызматкер бөлмөсүнөн сабалды

Жумгал районунун пробация кызматкери өзүнүн иш бөлмөсүндө сабалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Чаек айылынын К.М.Ж аттуу тургуну Жумгал районунун акимиатына келип, социалдык иштер боюнча бөлүмдү издеп жүрүп, акимиаттын имаратындагы пробация кызматкеринин кабинетинеде иштеп отурган кызматкерге негизсиз түрдө кол салган. Кызматкер уюлдук телефон аркылуу милицияга кайрылганда, айыл тургуну чоң агрессия менен кызматкердин башына жана денесине сокку уруп, кайчы менен өлтүрөм деп коркуткан.

«Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндө, анын баш мээси чайкалган жана моюн омурткалары жылышканы белгилүү болгон. Учурда ал Бишкектеги медициналык мекемеде стационардык түрдө дарыланууда», — деп билдиришти мекемеден.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>