Нарында кашардан 23 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Нарында кашардан 23 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкенин «Эркиндик медиа» жазды.

Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБине 23-январь күнү 21:30 чамасында Теңдик айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Тынай-Булак кыштоосундагы чабанымдын жашоо шартын көрүп келейин деп барган учурда сарайда белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денени көргөнүн айткан.

“Аталган билдирүү боюнча тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үч бөлмөлүү үйдүн ичинен болжол менен 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо маркумга күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К. экендиги такталган. Учурда чабандын аты-жөнүн тактоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене “адам өлтүрүү” менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>