Нарындагы контейнер мектеп: Соцтармактын колдонуучулары жаңы мектеп үчүн каражат чогултуп башташты

Нарындагы контейнер мектеп:  Соцтармактын колдонуучулары жаңы мектеп үчүн каражат чогултуп башташты

Социалдык тармактын колдонуучулары Нарын районунун Кеңеш айылына жаңы мектеп курууга деп  каражат жана керектүү материалдарды чогултуп башташты. Бул тууралуу Мырза Добутов өзүнүн Фейсбук  баракчасына 10дон ашык адамдын тизмесин жарыялады. Андагы адамдар акчалай жардам, цемент такта ж.б. жардам берүү ниетин билдиришкен.


Түшүндүрө кетсек, 2-сентябрь күнү Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерден жасалган мектептин салтанаттуу ачылышы  болгон. Ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган 5 аткаминер катышкан.

Бул көрүнүш интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынып, Билим берүү министрлигине жана өкмөткө бир катар сындар айтылууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү 6 контейнер мектепте 160 бала суук түшкөнгө чейин билим аларын айтып, суук түшкөндө башка имарат караштырыларын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>