Назарбаевдин күйөө баласы Казакстандагы ири май куюучу жайдын ээси болду

Назарбаевдин күйөө баласы Казакстандагы ири май куюучу жайдын ээси болду

Казакстандагы «КазМунайГаз» май куюучу жайлардын түйүнү менчиктештирилгенден бир жарым жыл өткөндөн кийин анын түзүүчүлөрүнүн катарына Joint Technologies компаниясы кирди. Бул тууралуу 4-ноябрда компаниянын каттоо документтерине ээ болгон «Forbes-Казакстан» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Joint Technologies компаниясы Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев менен Раушан Сагдиевага таандык.

«КазМунайГаз» улуттук компаниясынын аталган май куюучу жайлары 2019-жылы апрелде 60,5 миллиард теңгеге (ошол учурдагы курс боюнча 163 миллион доллар) сатылган. Бүгүнкү күндө ага ээлик кылган PetroRetail компаниясы бир нече жылдын ичинде 340тан ашык май куюучу жайдын аталышын Qazaq Oil деп өзгөртүү планын билдирген.

PetroRetail’дин түзүүчүлөрүнүн катарында мындан тышкары Prime case компаниясы менен кезинде Атырау мунай заводунун маркетинг боюнча башкы директорунун орун басары жана «КазМунайГаз — кайра иштетүү жана маркетинг» ишканасынын башчысы болуп иштеген Руфат Хожалаков да бар.

«Forbes — Казакстан» басылмасынын маалыматына караганда, PetroRetail Тимур Кулибаевдин мунай сатууга байланышкан ишканаларындагы алгачкы активи эмес. Ал мындан тышкары Joint Technologies компаниясы аркылуу GasEnergy бренди менен дизель жана бензин саткан «Автогаз Трэйд» компаниясынын үлүшүнө ээлик кылат.

54 жаштагы Тимур Кулибаев Казакстандын KAZENERGY мунай-газ жана энергетикалык комплекстер ассоциациясынын жетекчиси, орусиялык «Газпром» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин төрагасы жана Бокс федерациясынын жетекчиси. Forbes журналы анын жубайы Динара Кулибаева экөөнүн жалпы байлыгын 5,6 миллиард доллар деп баалаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>