“Нефтчи” жана “Абдыш-Ата” командалары “Ала-Тоо” кубогу үчүн беттешет

“Нефтчи” жана “Абдыш-Ата” командалары “Ала-Тоо” кубогу үчүн беттешет

Бүгүн, 5-мартта футбол боюнча “Ала-Тоо” кубогунун жеңүүчүсү аныкталат. Финалдык оюнда “Нефтчи” жана “Абдыш-Ата” командалары беттешет.

Маалым болгондой, ½ баскычта “Нефтчи” 4:2 эсеби менен “Талант” командасын жеңди. Ал эми “Абдыш-Ата” жана “Алга” командалары 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальти тебишүүдө “Абдыш-Атанын” оюнчулары 4:3 менен жеңип, финалга чыкты.

Белгилей кетсек, “Абдыш-Ата” жана “Нефтчи” тайпалык баскычта да беттешкен, анда 2:1 эсебинде Канттын командасы уткан.

Финал бүгүн, саат 14:00дө Кант шаарындагы Спорт Сити футбол аянтында өтөт.

Турнирде Кыргыз Премьер-лигасында ойногон 4, Улуттук лигада ойногон 3 жана Кыргызстандын 20 жашка (U-20) чейинки жаштар курамасы катышты.

Ал эми “Ала-Тоо” кубогун 2020-жылы “Абдыш-Ата” командасы жеңип алган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>