Ноокенде ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду, — сүрөт

Ноокенде ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду, — сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын топ  санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө үчүн рейд өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу,  санитардык нормалардын сакталуусун текшерүү үчүн район аймагындагы базар, кафе-ресторандарды, текшерген.  Ошондой эле коомдук жайларда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилген.

Мындан сырткары аталган  кафе-ресторандарды текшерүүдө, алардын биринде той өткөрүлүп жатканы белгилүү болгон. Той токтотулуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылган. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилген.

[su_image_carousel source=»media: 42031,42032,42033,42034,42035″ crop=»none» autoplay=»4″]

        

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>