Ноокенде жол кырсыгынан 73 жана 84 жаштагы кишилер жабыркады

Ноокенде жол кырсыгынан 73 жана 84 жаштагы кишилер жабыркады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 538-чакырымында Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (1948-ж.т. К.К. жана 1937-ж.т. К.Б.) жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>