Нур-Султанда сүйлөшкөн кызын зордуктоого айыпталган жаран 11 жылга соттолду

Нур-Султанда сүйлөшкөн кызын зордуктоого айыпталган жаран 11 жылга соттолду

Нур-Султанда адистештирилген райондук сот сүйлөшкөн кызын зордуктоого айыпталган жигитти 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.

Сот 26 жаштагы Шокан Абылкасымовдун күнөөсү толук далилденгенин айтты. Ал 11 жыл 3 ай түрмөгө кесилип, жабырлануучуга 1,5 миллион теңге (3900 доллар) моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирилди.

Буга чейин сот Абылкасымов менен бирге кызды зордуктады деп айыпталган Мурат Ыдырсовду 10 жылга эркинен ажыраткан. Моралдык зыян иретинде бир миллион теңге төлөөгө милдеттендирилген.

Сотко чейин журналисттерге интервью берген жабырлануучу, 28 жаштагы Саина Раисова соттолуучулар аны опузалап, арызын алууну талап кылышканын айтты.

Сот өкүмү окулуп бүткөн соң айыпталуучу Абылкасымов ыйлап, эч кимди зордуктабаганын билдирди.

— Мен аны зордуктаган жокмун. Мен аны менен бир жарым жыл бирге турдум. Ал зордукталганы тууралуу кабарлаганга чейин да, андан кийин да жыныстык катнашта болуп жүрдүк. Ал менден үй, акча талап кылды. Башка сөзүм жок, – деди ал.

Эки жыл эл аралык издөөдө жүрүп, 2018-жылы мартта кармалган Шокан Абылкасымовдун жашы жете элек эки баласы бар, алар мурдагы аялы менен жашайт.

«Унчукпай калба» фондунун маалыматына караганда, 2019-жылдын алты айында Казакстанда 800дөй аял сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>