Нышанов: Алдыңкы тизмеге 1 млн. $ бергендер да жумушка келбей жатат

Нышанов: Алдыңкы тизмеге 1 млн. $ бергендер да жумушка келбей жатат

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Эсептөө палатасынын аудитторлорунун санын кыскартуу демилгесин көтөрүүдө.Тагыраагы азыркы аудитторлордун санын 9дан 6га чейин кыскартуу сындуу бир катар жаңы жоболор сунушталууда.

Жыйында аталган маселе талкууланып жатканда депутат Сайдулла Нышанов Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын кыскартпастан, тескерисинче алардын санын 12ге чейин көбөйтүү зарыл экенин айтып чыкты.

Анын айтымында, мындай кадамга баруу менен текшерүүлөрдүн сапаты жакшырып, мамлекеттик бюджеттен уурдоо жосундары азаймак.

“Аудиторбу, бийликтин бардык бутактарын бөлүшкөн жерлерде ачыктык болсо коррупция азаят”,- деди ал.

Дагы бир депутат Айбек Алтынбеков Нышановдон эмне үчүн буга каршы болуп жаткандыгын сурап, Кыргызстанда депутаттардын саны 120дан 90го кыскартуу чечилгенин эске салды.

Нышанов өз кезегинде кеп депутаттардын санында эместигин, элдин кыжырын келтирген башкада экенин айтты.

“Саясий партиялардын тизмесинде алды жакта болуу үчүн 100 миң доллардан 1 млн. долларга чейин берген депутаттар ушу тапта жумушка келбей жатат”,- деди Нышанов.

Бирок, жыйында эл өкүлүнүн мындай сунушу колдоо тапкан жок.

Айта кетсек, Эсептөө палатасы — мамлекеттик аудиттин көз карандысыз жогорку органы. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жарымын президент дайындаса, жарым курамын Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

Учурда Эсептөө палатасы тогуз аудитордон турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>