Октябрь окуясы: Үмүтбекке үй берилет

Октябрь окуясы: Үмүтбекке үй берилет

Былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакында Бишкекте батир берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларында эле президент Садыр Жапаров тарабынан тиешелүү тапшырма берилген. Бирок, борбор калаанын мэриясынын айрым аткаминерлеринин жоопкерчиликсиздигинен улам маселе өз убагында чечилбей калган.

“Аталган маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө, каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада борбор калаадан батир берилет”, — дейт ал.

Былтыр октябрдагы окуяда октон көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>