Өлкө аймагында аба ырайы кескин төмөндөйт

Өлкө аймагында аба ырайы кескин төмөндөйт

Кыргызстанда акыркы күндөрдө жайкы ысыктан кийин аба-ырайынын кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Бүгүн, 9 -сентябрда кечинде республиканын дээрлик бардык аймагында бир топ суук болот, 10 -сентябрда жамгыр жаашы жана шамал күтүлөт.

Бишкек

9 -сентябрда күндүз жылуу болот. Абанын температурасы + 25 … + 27ге чейин көтөрүлөт.

10 -сентябрга караган түнү абанын температурасы + 10 … + 12 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз абанын температурасы + 21 … + 23кө чейин жылыйт, шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетиши күтүлөт, жаан жаап, күн күркүрөйт.

Чүй району

9 -сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +25ке чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусу

9 -сентябрда тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Калктуу конуштарда ачык аба ырайы жана абанын температурасы + 20 … + 22 күтүлөт.

Нарын облусу

Жаан -чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дыйканчылык аймагында + 20 … + 25ке чейин жылуу болот, бийик тоолуу райондордо — + 11 … + 16.

Талас облусу

Жаан -чачын болбойт, абанын температурасы + 24 … + 26.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары

Үч аймакта тең ачык аба ырайы күтүлөт. Температура: + 29 … + 31.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>