Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Бабанов камакка алынды

Омурбек Бабанов

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтөр Голд компани» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, бүгүн, 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөргө байланыштуу сурак берип жатканы кабарланган.

Exit mobile version