Он эки күндөн бери дайынсыз аялдын денеси тоо арасынан табылды – видео

Он эки күндөн бери дайынсыз аялдын денеси тоо арасынан табылды – видео

Жалал-Абадда 12 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 52 жаштагы аял кылмышкерлердин колунан көз жумган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 25-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматованын жансыз денеси Сузак районунун аймагынан табылган. Маркумдун көмүлгөн жерин аны өлтүрүүгө шектелип кармалган Жалал-Абад шаарынын 39 жаштагы тургуну Х.И. жана 27 жаштагы Сузактын тургуну П.Ш.  көрсөтүп берген.

  Алар Бахтигул Базарматова менен чала тааныш болгонун, 25-ноябрда аялды автоунаа менен шаардын четине алып чыгып, акча талап кылышканын,  ал каршылык көрсөткөндө муунтуп өлтүрүшкөнүн айтып берген. Маркумдун жанындагы 32000 сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алышып, кол телефонун ыргытып жиберишкен.

Кийин жансыз денени кылмышкерлер Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым алыстыкта Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп салышкан.

Бирок аны шашып жатып чала көмүшкөндүктөн, денесинин айрым бөлүктөрүн карга-кузгун жеп кеткен.

Учурда Жазык Кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБи 52 жаштагы Бахтигул Базарматова изделип жаткандыгын кабарлаган. Анда ал 25-ноябрь күнү саат 15:30тар чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен кызы менен коштошуп үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган болчу.

[su_image_carousel source=»media: 51022,51023,51024,51025″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>