Орозо айт майрамынын так убактысы белгилүү болду

Орозо айт майрамынын так убактысы белгилүү болду

Кыргызстанда Орозо айт майрамы 13-майда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы 13-май, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгилеген.

Белгилей кетсек, жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>