Орусия коронавируска каршы вакцинанын 26 вариантын иштеп чыгууда

Орусия коронавируска каршы вакцинанын 26 вариантын иштеп чыгууда

Бир сутка ичинде Орусияда коронавирустук инфекциянын 5 миң 905 жаңы учуру аныкталды. Алардын 24,5 пайызында оорунун клиникалык белгилери болгон эмес. Бул тууралуу  бүгүн, 18-сентябрда аталган өлкөнүн вирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын Telegram каналында маалымдалды.

Жаңы учурлар Орусиянын 84 аймагында катталды. Алардын көпчүлүгү Москва, Санкт-Петербург, Ростов, Нижний Новгород, аймактар ​​жана Ставрополь крайында.

Акыркы суткада аталган өлкөдө 134 өлүм катталды.

Бүгүнкү күнгө чейин Орусияда жалпы 1 миллион 91 миң 186 адам коронавирус жуктурган, анын 901 миң 207си айыккан. Ал эми илдеттен жалпы 19 миң 195 бейтап көз жумган.  

11-августта Орусия «Спутник V» деп аталган дүйнөдөгү биринчи COVID-19 вакцинасын каттады. Орусиянын дары-дармегине 50дөн ашык өлкө кызыгуусун билдирди. Жалпысынан учурда орусиялык окумуштуулар коронавируска каршы вакцинанын 26 вариантын иштеп чыгууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>