Орусия: Малаховдун сөзү үчүн орус элчилигинин өкүлү Кыргызстандын ТИМине чакырылган эмес

Орусия: Малаховдун сөзү үчүн орус элчилигинин өкүлү Кыргызстандын ТИМине чакырылган эмес

Орус элчисинин кеңешчиси Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылган эмес. Бул тууралуу Орусиянын ТИМи билдирүү  таратып, кыргыз тараптын маалыматын төгүнгө чыгарды.

«Кыргызстандын ТИМине Андрей Малаховдун берүүсүнө байланыштуу элчиликтен эч ким чакырлыган эмес. Болгону пландык иштин алкагында кыргыз дипломаттары  ар түркүн маселелердин катарында ошол көрсөтүүнү да сөз кылып өтшкөн”,  — деп жазылат. билдирүүдө.

Ошондой эле алар, көрсөтүүдө кырсык гана баяндалганын айтып,  эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге бул көрүнүштүн тиешеси жок экенин айткан.

Белгилей кетсек, «Малаховдун кыргыз элин кемсинткен сөзү үчүн орус элчилигинин өкүлүн ТИМге чакырылды» деп аталган министрлик кечээ билдирүү тараткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>