Орусияда «Өлбөс полк» жүрүшү  качан өтөрү айтылды

Орусияда «Өлбөс полк» жүрүшү  качан өтөрү айтылды

Быйыл Орусияда «Өлбөс полк» жүрүшү 24-июнда өтүшү мүмкүн, ал эми 9-майда иш-чара онлайн-форматта өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 1945-жылы 24-июнда Жеңиш жүрүшү өткөнүн белгилеп, бул күн фашизмди жеңгендердин жүрүшкө чыгышы үчүн ылайыктуу дата деп эсептешет.

Уюштуруучулар эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, иш-чара кадимки форматта өтөт деп үмүттөнөт.

«Биз пандемияга байланыштуу абал жакшырат деп ишенип турабыз. Роспотребнадзор талаптарын өзгөртүп, «Орусиянын өлбөс полку» жүрүшүн кадимки форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойбуз», — дешет алар.

2020-жылы пандемиядан улам жүрүш өтпөй калган, уюштуруучулар аны онлайн-форматка которушкан. Анда түз эфир 20 күн бою берилип, аны дүйнө жүзү боюнча 25 миллиондой киши көргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>