Орусияда 27 жаштагы кыргызстандык таксистти өлтүрүп кетти

Орусияда 27 жаштагы кыргызстандык таксистти өлтүрүп кетти

Орусияда Сахалин облусунда токойлуу аймакта 27 жаштагы кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аталган облустун тергөө комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык таксист Азатбек Алимбек уулун өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектелип, буга чейин соттолгон 24 жана 22 жаштардагы облустун 3 тургуну кармалды.

«Кыргызстандык жарандын унаасы Чапаев айылынын аймагында табылган. Кийин жекшембиге караган түнү такси айдоочунун сөөгү табылып, ал 27 жаштагы Азатбек Алимбек уулу экендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Оруссиянын тергөө комитети иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>