Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастоого милдеттендирилди

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастоого милдеттендирилди

Орусияга 90 күндөн ашык мөөнөткө барган эмгек мигранттары менен чет өлкөлүк жарандар 29-декабрдан тартып баңгизатка көз каранды эмес экенин жана ВИЧ-инфекциясы жоктугун ырастаган медициналык маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттүү болушат.

Тиешелүү буйруктун долбоорун Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) даярдаган. Ал быйыл 29-декабрда күчүнө кирет.

Буйрукка ылайык, медициналык документтер буга чейинки маалымкаттардын мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 күндүн ичинде берилиши керек. Документтерди ИИМдин миграциялык бөлүмдөрүнө, ошондой эле ишкана же ыйгарым укуктуу уюмдарга кагаз түрүндө же электрондук түрдө берсе болот.

Эгер маалымкат чет тилде болсо, аны орус тилине которуп, нотариус аркылуу ырастоо талап кылынат. Документти ыйгарым укуктуу кызматкер текшерип чыгып, ал кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат берилет. Эгер мигрант медициналык маалымкаттарды электрондук түрдө берсе, эртеси ага кабыл алынгандыгын ырастаган билдирүү жөнөтүлөт.

Ноябрдын башында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жакынкы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн милдеттүү геномдук каттоо киргизүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары Бастрыкин «бардык миграция формаларын, чет өлкөлүктөрдү каттоо нормаларын кайра жазып чыгуу» жана «мигранттарды каттоо эрежелерин, алардан манжа издерин алуу жана көзөмөлдөөнүн башка түрлөрүн аныктоо» керектигин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>