Орусияда Навальныйды колдогон полиция кызматкери иштен алынды

Орусияда Навальныйды колдогон полиция кызматкери иштен алынды

Орусияда оппозиционер Алексей Навальныйды жана башка саясий туткундарды колдоп видео билдирүү жарыялаган полиция кызматкери иштен алынды.

Курск шаарында кызмат өтөгөн Руслан Агибалов 22-январда видеосун YouTube сайтына жайгаштыргандан бир саат өтпөй, “ички иштер органдарынын кызматкерлерин уят кылган аракети үчүн” деген негиз менен жумуштан бошотулду.

30 миң жолу көрүлгөн бир жарым мүнөттүк видеодо Агибалов балдары бийликтин аракетине каршы сөз сүйлөсө, эркиндигинен же жашоосунан ажырашы ыктымал болгон өлкөдө чоңоюп жатканына кооптонгонун билдирген.

Полициячы видеороликти жазууга ар түрдүү кылмыш иштерине жасалган анализ, анын ичинде Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын камалышы, Орусия президенти Владимир Путинди сындаган кишилердин сырдуу өлүмдөрү себеп болгонун билдирген.

Навальныйдын бошотулушун талап кылган акциялар ишемби күнү Орусиянын бир нече шаарында өткөн. Москвада 40 миңдей адам көчөгө чыкканы кабарланды.

44 жаштагы Алексей Навальный — орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин жемкорлук иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Жакында ал Путинге «мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген тасма жарыялаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>