Орусияда жүргөн кыргыз жигиттердин кыргыз кыздарды сабоого чакырган видеосу тарады

Орусияда жүргөн кыргыз жигиттердин кыргыз кыздарды сабоого чакырган видеосу тарады

Орусияда жүргөн кыргыз жигиттердин кайрылуусу интернет колдонуучуларынын ортосунда кызуу талкууга алынууда. Анткени ал тасмада кыргыз мигранттарды ынтымакка чакырган жигиттер түз жүрбөгөн кыргыз кыздарды да тарбиялоого чакырышкан.

Тасмада он чакты кыргыз жигиттер башка улуттардын кордугуна кабылбоо үчүн Орусиядагы жалпы кыргыздарды ынтымакка чакырган.

Ошондой эле биримдиктүү болууга үндөшүп, түндүк, түштүк же майда бөлүктөргө бөлүнүү пайдасыз жана кыргыз мигранттарга өтө зыяндуу экенин айтып кайрылуу кылышкан.

Мындан сырткары арасындагы айрым жигиттер Орусияда кыргыз кыздар ар кайсы улуттагы адамдар менен жүрүп, сойкулук менен алектенип кетишкенин айтып, аларга кол көтөрүп болсо да тарбиялоо керектигин айтышкан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

и их ухажеров другой национальности

Публикация от Штраф KG??? (@shtraf__kg)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>