Орусиядагы Кыргыз диаспора башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти (видео)

Орусиядагы Кыргыз диаспора башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти (видео)

Орусиянын Екатеринбург шаарында жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти. Бул тууралуу бир нече чет элдик жана жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 54 жаштагы кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовду 2-июлда Екатеринбургдагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине, бутуна ок жаңылып «Тез жардам» келгенде каза тапкан.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салган эки киши айдап келген машинесин таштай качышкан. Каримовдун жанында ири суммадагы акча болгону айтылууда. Алгач алар ишкер менен мушташып, андан соң эки жолу атышкан. Ошондой эле ишкердин үстүнө миң жана беш миң сомдук акчалар чачылып жатканын көргөнүн күбөлөр айтып беришкен.

Жеке ишкердин жардамчысы бул маалымат боюнча билдирүү таратып, ишкерди атып кеткендер унаасын калтырып, өздөрү жөө качып кеткенин айткан. Ал эми полиция кызматы шектүү жарандардын унаасын тергөөгө алып кетишкен.

20 жылдан ашык Уралда жашаган Каримов «Кыргызстан-Урал» уюмун түптөп, коомдук жана жеке ишмердиги менен таанылган. Акыркы жети жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>