Орусиядан 43 автобус менен 2,5 миңдей кыргыз жараны келди

Орусиядан 43 автобус менен 2,5 миңдей кыргыз жараны келди

Орусиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2456 кыргызстандык мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Тышкы иштер министрлиги пандемияга байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Орусиянын аймагындагы кыргыз жарандарын орус-казак чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Орусиядагы мекендештерди алып келүү Казакстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик коридордун жардамы менен ишке ашкан.

Ошондой эле, Орусия–Казакстан мамлекеттик чек арасында кыргызстандыктардын топтолушун болтурбоо үчүн, Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.

Белгилей кетсек Орусиядагы мекендештерди ташыган автобустар эки колонна менен өлкөгө келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>