Ош базардагы радиотүйүндөрдө илинип турган паспорттор алынды

Ош базардагы радиотүйүндөрдө илинип турган паспорттор алынды

Ош базардын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө радиотүйүндөрдүн пункттарында Кыргызстандын жарандарынын 300дөн ашык документтери табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Борбор калаанын Ленин районунун милиция кызматкерлери документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнө өткөрүп беришкен. МКК 2017-жылы «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат издөө тутумун ишке киргизди. Анын маалымат базасына жарандар тапкан документтер жөнүндө бардык маалыматтар киргизилет.

Табылган документтердин тизмеси:

  • eID-паспорт — 85 даана;
  • Жалпы жарандык паспорту — 7 даана;
  • AN паспорту — 177 даана;
  • Айдоочулук күбөлүк — 27 даана;
  • Аскердик билет (таандык) — 2 даана;
  • Эмгек китепчеси — 1 даана;
  • Нике тууралуу күбөлүк — 5 даана;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк — 4 даана;
  • ТК каттоо жөнүндө күбөлүк — 5 даана;
  • Студенттик карта — 3 даана;
  • Өтүү билети — 3 даана.

Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди тапкан жарандарды МККнын бардык аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырат. Эгерде суроолоруңуз болсо, МККнын 119 чалуу борборуна кайрылыңыз. Ошондой эле, МККнын электрондук кызматтар порталынын маалымат базасынан жоголгон документтерди издөө жана текшерүү үчүн колдонсоңуз болот.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>