Ош-Бишкек жолу: Май ташыган унаанын өртүнөн бир киши көз жумду

Ош-Бишкек жолу: Май ташыган унаанын өртүнөн бир киши көз жумду
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган  унаа күйүп, андан бир киши каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымат караганда, кырсык катталган аймакка 14:30да жергиликтүү өрт өчүрүү тобу тартылган.  Өрт саат 15:42де чектөөгө алынып, саат 17:00дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен унаанын ичинде белгисиз адамдын сөөгү табылды (аты-жөнү такталууда).
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Ош-Бишкек жолунда май куючу унаа жарылды (ВИДЕО)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>