Ош: Эки баласын тилемчиликке мажбурлаган энеге иш козголду

Ош: Эки баласын тилемчиликке мажбурлаган энеге иш козголду

«Күнүнө 1500 сом таппасаӊар-келбегиле…» Эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин эки баласын мамлекет өз карамагына алды. Бул туурасында Ош шаардык милициядан Reporter.kg′ге билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык милициясы тарабынан 8 жана 11 жаштардагы эки бала Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү коомдук тамактануучу жайлардын алдында жана тамактануучу жайлардын ичине чейин киришип кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышып, текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда аталган факт аныкталган. Милиция кызматкерлери бул эки жаш өспүрүмдү өз бөлүмгө алып келишип, алар менен маектешүү жүргүзүшкөн. Анда жаш балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлап жаткандыгы, күндө 1500 сом план коюп бергендигин, аны таппаса кечинде урушаарын айтып беришкен.

«Апабыз Надира деген аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек-апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, квартирабыздын акчасын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт» деп айтышкан.

Учурда Ош шаардык милициянын социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн жазык кодекстин 181-беренеси( Жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>