Ош: Күйөөсү аялын өлтүрүп алды (ВИДЕО)

Ош: Күйөөсү аялын өлтүрүп алды (ВИДЕО)

Бишкек-Ош унаа жолунда унаанын ичинен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү саат 21:50 чамасында Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөп турган учурда Дэу-Тико унаасынын айдоочусу келип токтоп, артта унаанын ичинде айдоочу менен жүргүнчү урушуп жатат деген кабарды айткан.

Кызматкерлер унааны издеп барышканда окуя болгон жерде токтоп турган Хундай-Соната унаасы ордунан жылып жөнөгөн. Унаанын артынан барып токтотуп текшерген учурда машинанын ичинен аял кишинин сөөгү жаткандыгын байкап, кызматкерлер айдоочуну Кара-Суу милиция бөлүмүнө алып барышкан.

Териштирүүдө каза болгон аял Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну, айдоочу Кара-Суу районунун 1983- жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени такталган.

Азыркы учурда «адам өлтүрүү» фактысы боюнча иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Унаа атайын айып короо жайга токтотулуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>