Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 28-январь күнү  Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анда саат 14:22лер чамасында жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>