Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыкты

Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыкты

Ош шаардык кеңешине шайлоодо массалык мыйзам бузуулар катталганы үчүн анын жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Чечим БШКнын 11-майда өтөн жыйынында кабыл алынган. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо маалында кызмат адамдары добуш берүү процессине кийлигишкени, административдик ресурс колдонулганы, үгүт иштеринде, добуш берүү учурунда, имараттан сырткары добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын айтып, президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону өтүнгөн.

“Мунун баары жарандардын эркин добуш берүүсүнө көзгө урунарлык таасир этет, добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоону кыйындатат. Ошондой эле шайлоо процессинин негиздерине жана добуш берүү укугунун принциптерине каршы келет. Мындай мыйзам бузуулар көп санда катталгандыктан шайлоого болгон ишенимди ажыратат”, — деген Шайлдабекова.

Буга байланыштуу БШК Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча токтом чыгарган. Ага ылайык, кимдин иш-аракети жыйынтыкты жокко чыгарууга түрткү болсо, ошол талапкер кайра шайлоого катыша албайт.

Мындан сырткары, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо чечими чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>