УКМК Ошто миң кишиге той өткөргөн Атамбаевге текшерүү ишин баштады

УКМК Ошто миң кишиге той өткөргөн Атамбаевге текшерүү ишин баштады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тапшырмасы боюнча тергөө органдары тарабынан ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун 12-декабрда Ош шаарында өткөн үйлөнүү тою  боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ошону менен бирге көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, болжол менен 1000 адамдын катышуусунда эң чоң той өткөрдү», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүндө.

Жалил Атамбаевдин уулу УКМКнын кызматкери. Азыркы учурда Атамбаевдин уулуна карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгында кызматтан бошотууга чейин тиешелүү чаралар көрүлөт.

Текшерүүнүн алкагында Атамбаев УКМКнын тергөө органдарына чакырылып, бул фактынын бардык жагдайларын тактоо үчүн, ага карата эң катаал чаралар көрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>