Ошто айдоочу унаа башкарып бара жаткан жеринен каза болду

Ошто айдоочу унаа башкарып бара жаткан жеринен каза болду

Ош шаарында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Окуя 6-октябрда катталган.

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, окуя кечээ, 6-октябрда саат 10:30да Шакиров көчөсүндө каатталган. Маркум Ош шаарынын 1960-жылы туулган тургуну С.А. өзүнүн унаасын башкарып бара жатып, кокусунан жүрөк оорусу кармап калган. Анын кесепетинен айдоочу жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн жана окуя болгон жерден каза болгон.

Учурда кырсык Ош ШИИБ тарабынан тергелип, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>