Ошто бир тууган агасын өлтүрүп, сөөгүн талаага алып барып өрттөп салган адам кармалды

Ошто бир тууган агасын өлтүрүп, сөөгүн талаага алып барып өрттөп салган адам кармалды

Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну өз агасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну 1991-жылы туулган Жолдошбай Аваз уулу жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүлгөн. Ал эми жакын туугандары сурагандарга маркумду “Орусияга иштегени кеткен” деп маалымат берип турушкан.

23-сентябрда маркумдун бир тууган иниси кармалып, ал  кылмышын моюнуна алып, агасын 2018-жылдын сентябрь айында, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөӊгөлөктөрү менен кошо өрттөп, өлүктүн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берген.

“Агам кичине кезимден баштап мени көп келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Ал тургай апамды, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп, колуна ичимдиктерди көтөрүп келди. Карындашым, апам анын пейилин билип, үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачуу үстүндө бөлмөдө турган көсө темир менен башына чаап жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын өлүгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып өрттөп, Ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга «Россияга кеттим» деп үйдөн чыгып кетти» деп айтып жатканмын» , — деп көрсөтмө берген шектүү.

Бул факт адам өлтүрүү беренесинин Кылмыштар менен жоруктарды каттаган бирдиктүү реестрге катталып, тергөө иштери башталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>